Nokia 3610 fold - Программа жаңыртуулар

background image

Программа жаңыртуулар

Nokia жаңы өзгөчөлүктөрдү камтыган, функцияларды жана аспаптын ишин жакшыртууну

көздөгөн программалык жаңыртууларды өндүрүшү ыктымал. Nokia Software Updater

компьютердик тиркемеси аркылуу мындай жаңыртууларга издөө-талап жиберүүгө

мүмкүнчүлүгүңүз бар. Аппараттын программасын жаңыртуу үчүн сизге төмөнкүлөр

керек: Nokia Software Updater тиркемеси, туура келген Microsoft Windows 2000 же XP

оперативдик системасы менен жеке компьютер, кеңири тилкелик интернет байланышы

жана Сиздин аппаратыңыз жеке компьютерге туташтырган туура келген кабель.
Кошумча маалымат үчүн жана Nokia Software Updater тиркемесин алуу үчүн,

www.nokia.com/softwareupdate же жергиликтүү Nokia Интернет сайтына кириңиз.
Программа жаңыртууларын жүктөө кызмат тейлөөчүңүздүн тармагы аркылуу чоң

көлөмдөгү маалыматтын берилиши менен коштолуусу мүмкүн. Маалымат берүү

процесси үчүн алынган акы жөнүндө өзүңүздун тейлөө кызматыңызга кайрылыңыз.
Сиздин кызмат тейлөөчүңүз телефонго арналган программанын жаңыртууларын

аппаратыңызга түзүнөн аба аркылуу жиберүүгө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тандоонун

болушу телефондон телефонго айырмаланат.
Аппаратыңыздын батареясынын заряды жетишерлик экенин болгонун текшериңиз,

же болбосо программа жаңыртууларын баштаганга чейин заряддоо түзүлүшүн

сайып коюңуз.

Эскертүү: Эгер Сиз жаңыртылган компьютердик программаны орноштуруп

жатсаңыз, орноштуруу процесси бүткөнгө чейин бул аппаратты тез жардам

чакыруу үчүн колдоно албайсыз. Жаңы программанын орноштуруунун

кабыл алуудан мурда маалыматты көчүрүүнү эске алыңыз.