Nokia 3610 fold - Тармактык кызматтар

background image

Тармактык кызматтар

Телефонду колдонуу үчүн сизде зымсыз байланыш кызматынан тейлөө болушу

керек. Функциялардын көбү атайын кызматтардын болушун талап кылат. Бул

функциялар баардык эле тармактарда боло бербейт; кээ бир тармактар кызматтарды

пайдалануудан мурда тейлөөнү камсыздоочу менен атайын макулдаштыкты

талап кылышы мүмкүн. Сиздин кызмат тейлөөчүңүз көрсөтмөлөрдү жана керектүү

чыгымдардын өлчөмдөрү тууралуу түшүндүрмө бериши мүмкүн. Кээ бир тармактарда

сиздин тармактык кызматтарды колдонууңузга чектөөлөр коюлушу мүмкүн. Мисалы,

кээ бир тармактар бардык тилдерде колдонулуучу символдорду жана кызматтарды

колдобошу мүмкүн.
Сизди кызмат тейлөөчүңүз белгилүү бир функцияларды иштен чыгарып коюну

же аларды телефондо жаратпоону талап кылышы мүмкүн. Андай учурда, бул

функциялар сиздин аппаратыңыздын менюсунда пайда болбойт. Ошондой эле,

сиздин аппаратыңыздын меню аттарын, ирээтин жана сүрөтчөлөрдүн өзгөртүп жаткан

башкача конфигурация болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн кызмат тейлөөчүңүз

менен байланышыңыз.
Бул аппарат TCP/IP протоколунда иштеген WAP 2.0 протоколун (HTTP жана SSL)

колдойт. Бул аппараттын кээ бир функциялары, мисалы мультимедия кабарлашуу

(MMS), желе кезүү, e-mail тиркеме, бар-жогу аныкталган байланыштар, алыскы

мезгилдештирүү жана браузер же MMS аркылуу мазмунду жүктөө бул технологиялар

үчүн тармактан колдоосу болушун талап кылат.