Nokia 3610 fold - Цифралуу аппараттардын укугун коргоо жолдору (DRM)

background image

Цифралуу аппараттардын укугун коргоо

жолдору (DRM)

Маалыматтык мазмун ээлери өздөрүнүн интеллектуалдык менчигин, анын ичинде

автордук укуктарын коргоо үчүн ар кыл типтеги DRM технологияларын колдонушу

мүмкүн. Бул аппарат DRM менен корголгон маалыматтарды алуу үчүн ар кандай DRM

программаларын пайдаланат. Эгер кандайдыр DRM программасы маалыматты коргой

албаса, мазмун ээлери андай DRM программасынын жаңы DRM аркылуу корголо турган

мазмунга кирүү мүмкүнчүлүктүн кайтарылтуусун талап кылышы мүмкүн. Кайтарылтуу

бул аппараттагы сакталган DRM маалыматтарын жаңыртууга жолтоо болушу мүмкүн.

Андай кайтарылтуу башка типтеги DRM менен корголгон же DRM менен корголбогон

маалыматтарды колдонууга таасир этпейт.
DRM менен корголгон маалыматтар тиешелүү активдештирүү ачкычы менен келет.

Ал сиздин маалыматты колдонууга болгон укугуңузду тастыктайт.
Эгер аппаратыңызда OMA DRM тарабынан корголгон мазмун болсо, анын активдешүү

ачкычын жана мазмунду тең сактоо үчүн, Nokia PC Suite тийиштүү камдык сактоого

жараган өзгөчөлүгүн колдонуу зарыл. Сиздин аппаратыныздын эси форматталгандан

кийин OMA DRM менен коргоолгон мазмунду пайдаланууну улантуу үчүн керек болгон

активдештируу ачкычтарын башка которуу жолдору менен которушу болбой калышы

мүмкүн. Сиздин аппараттагы файлдар бузулуп калса, активдештирүү ачкычтарын кайра

калыбына келтирүүңүз керек.
Эгер Сиздин аппаратыңызда WMDRM тарабынан корголгон маалымат болсо, аппараттын

эси форматталганда, активдештирүү ачкычтар жана камтылган маалымат жокко учурайт.

Аппаратыңыздагы файлдар бузулуп калса, сиз активдештирүү ачкычтарды жана

камтылган маалыматты жоготуп алышыңыз мүмкүн. Активдештирүү ачкычтарды же

корголгон маалыматты жоготуу аппаратыңыз менен ошол эле мазмунду колдонуу

мумкүнчүлүгүңүздү чектеши мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө

кайрылыгыңыз.