Nokia 3610 fold - КООПСУЗДУК

background image

КООПСУЗДУК

Бул жөнөкөй көрсөтмөлөрдү окуп чыгыңыз. Аларды сактабоо коркунучтуу же

мыйзамсыз болушу мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн колдонуу боюнча көрсөтмөнү

толук окуп чыгыңыз.

КООПСУЗ ЖАНДЫРЫҢЫЗ
Зымсыз телефонду колдонууга тыюу салынган учурда же болбосо ал

тоскоолдук же коркунуч жаратышы мүмкүн болгон кезде аппаратыңызды

жандырбаңыз.

ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БИРИНЧИ ОРУНДА БОЛУШУ ЗАРЫЛ
Жергиликтүү мыйзамдарга баш ийиңиз. Унааны айдоо учурунда

колуңузду айдоо үчүн ар дайым бош коюңуз. Айдоо учурунда биринчи

орунда жол коопсуздугу болуш керек.

ТОСКООЛДУКТАР
Баардык зымсыз аппараттар иштөөлөрүнө таасир эткен тоскоолдуктарды

кабыл алуу касиетине ээ.

ТЫЮУ САЛЫНГАН АЙМАКТАРДА ТЕЛЕФОНДУ ӨЧҮРҮҢҮЗ
Коюлган чектерге баш ийиңиз. Учакта, медициналык жабдуулардын

жанында, күйүүчү май, химиялык заттар же жардыруу коркучуну бар

аймакта телефонуңузду өчүрүңүз.

КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ ТЕЙЛӨӨ
Бул продуктту квалификациясы бар кызматчылар гана орното жана

оңдой алат.

КОШУМЧА ЖАБДУУЛАР ЖАНА БАТАРЕЯЛАР
Жол берилген кошумча жабдуулар менен батареяларды гана колдонуңуз.

Туура келбеген продукттарды туташтырбаңыз.

СУУГА ТУРУШТУУЛУГУ
Сиздин аппаратыңыздын сууга туруштуулугу жок. Аты кургак кармаңыз.

background image

Ж а л п ы м а а л ы м а т