Nokia 3610 fold - Браузердин коопсуздугу

background image

Браузердин коопсуздугу

Банк кызматтары жана онлайн сатып алуулар сыяктуу кээ бир кызматтар ашыкча

коопсуз чараларды талап кылат. Мындай байланыштарды жасоодо сизден коргоо

сертификаттарга же болбосо сиздин SIM картаңыздын коргоо модульга ээ болууңуз

талап кылынат. Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө кайрылыгыңыз.

background image

Ж е л е



Коргоо модулю

Коргоо модулю браузер аркылуу байланыш талап кыла турган тиркемелердин коргоо

кызматтарды жакшыртып жана сизге санарип кол коюуга мүмкүндүк берет. Коргоо

модулю сертификаттарды жана жеке менен коомдук ачкычтарды камтыган жери боло

алат. Сертификаттар коргоо модулюнда кызмат камсыз кылуучу тарабынан сакталат.
Коргоо модульдун орнотууларын көрүүгө же аларды өзгөртүүгө

Меню > Орнотуулар >

Коопсуздук > Коргоо модуль орнотуулары тандаңыз.

Сертификаттар

Маанилүү маалымат: Сертификаттарды колдонуу учун алыскы

байланышта жана программаларды орноштуруу менен байланышкан

рисктерди бир кыйла азайтканы менен, алар жогорутулган коопсуздуктун

мөмөсүн көрүү үчүн, туура колдонушу керек.

Сертификаттын өзүнүн болушу коргоону камсыз кылбайт; эгер сертификаттардын

коргоосунун кошумча пайдасын көрөм десеңиз, анда алардын менежери дайым туура,

накта жана ишеничтүү сертификаттардын жери болушу зарыл. Сертификаттардын

колдонуу мөөнөтү чектелген. Сертификаттын тууралыгы шек туудурбай,

“Сертификаттын мөөнөтү бүттү” же “Сертификаттын күнү келе элек” делинген

жазуулар пайда болсо, аппаратта коюлган күнүн жана убакытын текшериниз.
Сертификатты алмаштыруудан мурда, анын ээси ишенимдуу жана сертификат чын

эле жазылган ээге тиешелүү экендигин текшериңиз.
Сертификаттарды үч түрү бар болот: сервер сертификаттар, кызмат сертификаттар

жана кирүүчү сертификаттар. Бул сертификаттарды өзүңүздүн кызмат камсыз

кылуучунан алсаңыз болот. Кызмат сертификаттар жана кирүүчү сертификаттары

кызмат камсыз кылуучу тарабынан коргоо модульда сакталышы мүмкүн.
Сиздин телефонуңузга жүктөлгөн кызмат же кирүүчү сертфикаттардын тизмегин

көрүүгө

Меню > Орнотуулар > Коргоо > Кызмат сертификаттар же Кирүүчү

сертификаттар тандаңыз.

Эгер телефондун жана мазмун сервердин ортосундагы маалымат алмашуусу

шифрлеген болсо, байланыш убагында көрүнөт.
Коопсуздук белгиси шлюз жана мазмун сервердин (же ага суроо-талап коюлган

маалымат сакталган жердин) ортосундагы маалымат алмашуу корголуп жаткан

учурда өткөнүн билдирбейт. Кызмат тейлөөчү дарбаза жана ички сервердин

ортосундагы маалымат алмашуунун коопсуздугуна көзөмөл кылат.

Санарип кол коюу

Сиздин SIM картада коргоо модулю бар болсо, телефондо санарип кол коюуга

мүмкүнчүлүгү болот. Санарип кол коюу өзүңүздүн колуңузду контракттын астында же

башка документке коюу менен барабар.
Санарип колуңузду жаратууга, баракчада шилтемени тандаңыз, мисалы, сиз сатып

алууну ойлогон китептин аты жана анын баасы болсун. Кол коюуга бааны жана күндү

камтыган текст пайда болот.
Тексттин баш аты Окулат болгонун жана санарип кол коюнун

белгиси

көрүнгөнүн текшериңиз.

background image



Эскертме: Эгер санарип кол коюу белгиси чыкпаса, эч кандай кирүүчү PIN окшогон

жеке маалыматты киргизүүдөн сактаныңыз, анткени бул коопсуздуктун жок болушун

билдирет.
Тексте кол коюу үчүн, биринчиден текстти окуп чыгып, жана

Кол кой тандаңыз.

Текст бир экранга батпай калышы мүмкүн. Ошондуктан, текстти бүт окуп чыгууга, аны

көз алдынан өткөркөндөн кийин кол коюңуз.
Сиз пайдаланууга каалаган кирүүчүнүн сертификатын тандаңыз. Кирүүчү PIN

киргизиңиз. Санарип кол коюнун белгиси жок болот, жана кызмат сатып алууңуздун

ишке ашырылганына тастыктоо берет.