Nokia 3610 fold - Кошумча коопсуздук маалымат

background image

Кошумча коопсуздук маалымат

Кичинекей балдар

Сиздин аппаратыңыз жана жабдуулар майда бөлүктөрдү камтышы мүмкүн. Аларды

кичинекей балдардан алыс кармаңыз.

Иштөө чөйрөсү

Бул аппарат RF таасири астында жүрүү боюнча көрсөтмөлөргө туура келет жана

жөнөкөй колдонуу кулакка каршы кармап же денеден эң аз дегенде 2.2 сантиметр

(7/8 дюйм) аралыкта алып жүргөндөгүсү эсептелет. Сумка, кемер илгичи, же кутуча

аппаратты денеге жакын алып жүрүү үчүн колдонулса, алар металл тетиктерди

камтыбаш керек жана аппаратты денеден жогоруда айтылган алыстыкта кармашы керек.
Маалымат файлдарды же кабарларды жөнөтүү үчүн, бул аппарат тармактан сапаттуу

байланышты талап кылат. Кээ бир учурларда маалымат файлдарын же кабарларды

жөнөтүү бул сыяктуу байланыштын жеткиликтүү болушунча токтоп калат. Көрсөтмөлөрдө

айтылган ажыраткан ара жөнөтүү бүткөнчө сакталганын камсыз кылыңыз.

Медициналык жабдуулар

Радио жабдууларынын алардын ичинде зымсыз телефондордун иштөөсү, жакшы

корголбогон медициналык аппараттардын иштөөсүнө тоскоол кылышы мүмкүн.

Медициналык жабдуулардын радио жыштыктардын таасиринен жетиштүү корголгонун

билүү үчүн же башка сурооңуз болсо физика адистери же жабдууну өндүрүүчү

менен кеңешиңиз. Саламаттыкты сактоо мекемелеринде, атайын маалымдоолордо

айтылган болсо, аппаратыңызды өчүрүп коюңуз. Ооруканалар же саламаттыкты

сактоо мекемелери сырткаркы радио жыштыктардын таасирине сезимдүү

жабдууларды колдонушу мүмкүн.

Денеге имплантацияланган жабдуулар
Медициналык жабдууларды өндүрүүчүлөрдүн кеңешмелери боюнча, зымсыз аппарат

менен пейсмейкер, кардиовертер дефибриллятор сыяктуу имплантацияланган

медициналык жабдуулардын ортосундагы аралык мүмкүн болуучу тоскоолдуктардын

алдын алуу үчүн жок дегенде 15,3 см (6 дюйм) болушу керек. Айтылган медициналык

жабдууларды колдонгон инсандар:

background image

К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т



● Зымсыз аппаратын жандырылган учурунда дайыма зымсыз аппаратты

медициналык аппараттан 15.3 сантиметр (6 дюйм) аралыкта кармаңыз.

● Зымсыз аппаратты төш чөнтөгүндө салып жүрбөңүз.
● Мүмкүн болуучу тоскоолдукту минималдаштыруу үчүн зымсыз аппаратты

медициналык жабдуу жайгашкан тараптагы эмес, каршы жаккы кулагына жакын

кармоосу зарыл.

● Эгер тоскоолдуктун таасири байкалса, ошол замат зымсыз аппаратты өчүрүңуз.
● Имплантацияланган медициналык аппараттын чыгаруучуларынын жолдомолорун

окуп, аларды аткарыңыз.

Эгер сиздин зымсыз аппараттыңыздын имплантацияланган медициналык аппарат

менен бирге колдонулушу жөнүндө суроолор болсо өзүңүздүн саламаттыкты сактоо

мекемеңиз боюнча кайрылыңыз.

Угуу аппараттары
Айрым зымсыз санарип радио аппараттары угуу аппараттарынын иштешине жолтоо

болушу мүмкүн. Эгер тоскоолдук пайда болсо, тейлөө кызматына кайрылыңыз.

Унаалар

Радио жыштык сигналдары мотор унааларында туура эмес орнотулган же тиешелүү

түрдө корголбогон инжектордук, блоктоого каршы тормоздук электрондук ылдамдыкты

контролдоо, аба баштыктар системалары сыяктуу электрондук системалардын

иштөөсүнө таасир тийгизүүсү мүмкүн. Кошумча маалымат үчүн сиздин унааңыздын же

башка бөлөк жабдуулардын өндүрүүчүсү же анын өкүлүнө кайрылыңыз.
Атайын даярдыгы адистер гана жабдууларды орнотуп же тейлеши керек. Туура эмес орнотуу

же тейлөө кооптуу болушу мүмкүн жана жабдууга мурда берилген баардык кепилдиктерди

жокко чыгарышы ыктымал. Сиздин унааңызга орнотулган зымсыз жабдуулар туура орнотулуп

жана иштетилип жатканын маал маалы менен текшерип туруңуз. Тез тутануучу суюктуктарды,

газдарды же жарылуучу заттарды зымсыз жабдуулар орнотулган бөлүмдөрдө чогуу сактап

же ташып жүрбөңүз. Аба жаздыктары менен жабдылган унаалар үчүн, аба жаздыктары абдан

күчтүү күйө тургандыгын эске алыңыз. Буюмдарды, анын ичинде орнотулма же алып жүрүлүүчү

зымсыз жабдууларды аба жаздыктары орнотулган жерлердин үстүнө же аба жаздыктары

жазыла турган мейкиндикке койбоңуз. Эгер зымсыз жабдуулар туура эмес орнотулган болсо

жана аба жаздыктары тутанып кетсе, бул олуттуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн.
Учакта учуу убагында сиздин аппаратыңызды пайдаланууга тыюу салынат. Учакка кирүүдөн

мурда аппаратыңызды өчүрүп коюңуз. Зымсыз телеаппаратураны учактын ичинде колдонуу

учактын иштөөсүнө тоскоол келтирип, зымсыз телефон тармактарынын иштөөсүн бузуп жана

мыйзамдарга каршы келиши мүмкүн.

Потенциалдуу жарылуучу чөйрөлөр

Бул жерлерде учкундар жарылууну же өрттү пайда кылат да, жарадар кылууга же өлүмгө

алып барышы мүмкүн. Жардыруу коркунучу жакын чөйрөгө унааңыздын моторун өчүрүп коюу

сунушталган жерлер дагы кирет. Бул жерлерде учкундар жарылууну же өрттү пайда кылат да,

жарадар кылууга же өлүмгө алып барышы мүмкүн. Аппаратыңызды май куюу жайларында

же газ түтүктөрүн камтыган тейлөө жайларында өчүрүп коюуңуз. Май куюучу станцияларда,

жанармай сактоо жана таратуу жерлеринде, химиялык заводдордо же жарылуу иштери жүрүп

жаткан жерлерде радио жабдууларына койгон чектөөлөргө баш ийиңиз. Жардыруу коркунучка

жакын чөйрөлөр кээде так белгиленбейт. Алардын катарына кемелердин төмөнкү палубалары,

background image

К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т



химикалык заттарды ташуучу же сактоочу жайлар жана абадагы химиялык заттар же майда

бөлүкчөлөр, чаң, дандын кабыгы жана металл күкүмү толгон жерлер дагы кирет. Суюкталган газ

(пропан же бутанга окшогон) күчү менен жүргөн унаалардын чыгаруучуларга кайрылып колдогу

аспаптын булардын жакын аралыгында иштетүүгө болоорун текшериңиз.

Тез жардам чакыруулары

Маанилүү маалымат: Зымсыз телефондор, анын ичинде сиздин аппарат да радио

сигналдарды, зымы жок байланышты, жердин кыртышындагы тармактарды жана

пайдалануучу тарабынан программаланган функцияларды колдонуп иштейт. Эгер

сиздин аппаратыңыз интернет боюнча өткөн үн чалууларын (интернет чалуулар)

колдогон болсо, уюлдук телефонду жана интернет чакырууларды экөөнү тең

активдештириңиз. Аппарат тез жардам чалууларын уюлдук тармактарды жана

Интернет аркылуу ишке ашырууга аракет кылат. Баардык шарттарда байланышууга

кепилдик бериле албайт. Зарыл түрдө байланыш керек болсо, мисалы, медициналык

тез жардам чакырууда, сиз жалгыз гана зымсыз аппаратыңызга ишенбеңиз.

Атайын кызматтарды чакыруу үчүн:

1. Эгер аппарат өчүрүлгөн болсо, ишетиңиз. Сигналдын жетиштүүлүгүн текшериңиз.

Аспабыңызга жараша, төмөнкүлөрдү аткаруу керек болушу ыктымал:

● Эгер аппаратыңыздын иштетүү үчүн SIM карта керек болсо, аны ордуна коюңуз.

● Аспабыңызда мурда коюлган чакырууларга чектерди алып салыңыз.

● Профилиңизди линядан сырткары жана учуу профилинен активдүү профилине

которуңуз.

2. Аппаратты чакыруу жасоого даяр кылуу жана экранды тазалоо үчүн аяктоо

баскычын керектүү санда басыңыз.

3. Учурдагы жайгашкан жериңиздеги расмий тез жардам номерин киргизиңиз.

Тез жардам номерлери жайгашуу жерине жараша өзгөрүп турат.

4. Чакыруу баскычын басыңыз.
Тез жардамга чалып жатканда керектелген бардык маалыматтарды жетишинче

бериңиз. Сиздин зымсыз аппараттыңыз кырсык учурунда жалгыз байланыш каражаты

болуп калышы мүмкүн. Уруксаат берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.

Сертификациялоо жөнүндө маалымат (SAR)

Бул мобилдик аппарат радио толкундардын астында болууда иштелген

көрсөтмөлөрдүн жоболоруна ылайыктуу.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана тосуп алгыч. Ал эл аралык

колдонмолордун радио толкундарынын таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө

сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз

каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден соолук

абалындагы адамдарды сактоо үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.
Зымсыз аппараттардын таасири боюнча колдонмолор Салыштырма Сиңме Чен (SAR)

аттуу өлчөө бирдигин пайдаланат. ICNIRP тарабынан аныкталган SAR чектөөсү

10 грамм дене тканына орточо 2,0 Ватт/ килограммга (В/кг) барабар. SAR боюнча

текшерүүлер баардык жыштыктарда эң жогорку сертификацияланган кубаттулукта,

стандартту колдонуу калыбында иштеген аппарат үчүн жүргүзүлгөн. Иш жүзүндө

background image

К о ш у м ч а к о о п с у з д у к м а а л ы м а т



апараттын SAR деңгээли максималдык чектен төмөн болушу мүмкүн, анткени

аппарат тармак менен байланышууга жетиштүү кубаттуулукту гана пайдаланып

иштейт. Бул деңгээл тармактык базалык станцияга чейинки аралык сыяктуу бир нече

факторлордон көз каранды. ICNIRP иштеп чыккан колдонмолорда көрсөтүлгөн кулака

жакын кармалган аппараттын жол берилген эң жогорку SAR деңгээли 0,95 В/кг.
Аппаратка кошумча жабдыктарды колдонуу SAR деңгээлинин ар кандай маанисине

алып келиши мүмкүн. SAR деңгээлинин мааниси улуттук отчет жана текшерүү

талаптарына жана тармакта колдонулуучу жыштыкка жараша өзгөрүүсү мүмкүн.

Кошумча SAR маалыматы продукт маалыматы негизинде www.nokia-asia.com аркылуу

камсыз кылынат.

background image