Nokia 3610 fold - Nokia батареясынын аныктыгын билүү боюнча колдонмолор

background image

Nokia батареясынын аныктыгын билүү

боюнча колдонмолор

Коопсуздук үчүн дайыма накта Nokia батарейкасын колдонуңуз. Сиз Nokia нын

накта батареясын алып жатканыңызды билүү үчүн дайыма аны Nokia нын ишеним

дилерлеринен сатып алыңыз жана төмөнкү кадамдарды аткаруу аркылуу голограмма

белгиси болушун текшериңиз:
Төмөндө көрсөтүлгөн төрт кадамды аткаруу батареянын накталыгын толук

тастыктоого жатпайт. Эгер сизде сиз колдонгон батарея Nokia нын накта батареясы

эмес деп шектенүүгө кандай гана болбосун негиз болсо, аны колдонуудан баш

тартууңуз жана аны Nokia нын ишеним кызмат көрсөтүү түйүнүнө же дилерине алып

барып жардам сурооңуз кажет. Сиздин расмий Nokia ишеним кызмат көрсөтүү түйүнү

батареянын накталыгын текшерет. Эгер батареянын накталыгын тастыктоого мүмкүн

болбосо, аны сатып алган жерге кайра кайтарыңыз

Голограмманы аутентификациялоо

1. Батареядагы голограмманы караган учурда сизге

бир бурч менен караганда Nokia нын тийишип жаткан

колдор символу, башка бурч менен караганда

Nokia Original Enhancements логотиби көрүнүшү керек.

2. Голограмманы сол, оң, өйдө жана төмөн тарапка

бурганда сизге тиешелүү түрдө 1, 2, 3 жана 4 чекит ар

бир тараптан көрүнүшү керек.

background image

2

Батарея накта эмес болсо, эмне кылыш керек?
Эгер сиз сиздеги Nokia голограммасы бар батарея накта Nokia батареясы экендигин

тастыктай албасаңыз, ал батареяны пайдаланбооңузду суранабыз. Аны жакын

жердеги Nokia расмий тейлөө кызматына же дилерине алып барып, жардам сураңыз.

Өндүрүүчү тарабынан тастыкталбаган батареяны колдонуу кооптуу болушу жана

аппараттын жана кошумча жабдыктардын начар иштешине жана бузулуусуна

себеп болуусу мүмкүн. Бул ошондой эле аппаратка карата колдонулуучу баардык

тастыктоолорду жана кепилдиктерди жараксыздандырышы мүмкүн.
Nokia нын накта батареялары жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн www.nokia.com/battery

адресине кайрылыңыз.